"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын координатору Руслан Ташанов "Азаттыкка" билдиргендей, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл округундагы 5245 участкасында көз карандысыз байкоочуларды добушканадан сыртка чыгарышып, жарым саатка эшикти бекитип коюшкан. "Бул учурда шайлоого келген кишилер да ичине кире алган эмес. Жарым саат аралыгында ичинде эмне болгону бүдөмүк бойдон калууда", - деди Ташанов.
Кара-Кулжа районундагы 5010 участкасында шайлоо башаламан өткөн. Башкача айтканда, топ-топ болуп добуш берүүгө кирүү, кезек күтпөй эле бюллетень алмай сыяктуу учурлар көп болгонун байкоочулар айтышты. Кырдаалды шайлоо комиссиясындагылар жөнгө сала алган эмес.
Кара-Кулжадагы 5009-шайлоо участкасында саат 15ке жакын 10 эле бюлеттень калган. Бирок сыртта шайлоого келген кишилерди саны көп болгон. Ошол эле райондун 5011 участкасында саат 11ден кийин баш бармакка белги коюуга көңүл бурулбай калганы айтылууда.
Аймактагы мыйзам бузуулар болгондугун БШКнын Ош облусу боюнча координатору Расулбек Кадыров да тастыктап, ал боюнча чара көрүлөөрүн айтты.
Негизинен шайлоочулардын активдүүлүгү жакшы болгондугун байкоочулар да, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү да белгилеп жатышат.
Бүгүн Ош облусу боюнча 431 шайлоо участкасында добуш берүү жүрдү. 1639 депутаттык орунга 5441 талапкер ат салышууда. (SE)