Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:28

Пакистандык талиптер: журналистти баары бир өлтүрөбүз


Пакистанда талиптер белгилүү журналистти өлтүрүүгө аракеттенгендигин мойнуна алды.

Кечээ Исламабадда "Гео-Нюс" телекомпаниясынын алып баруучусу Хамид Мирдин машинасынан бомба табылып, жок кылынган эле. Жергиликтүү талиптердин маалымат катчысы Ахсанулла Ахсан "Азаттыктын" пакистан кызматына "баары бир Мирдин жана ага окшоп, талиптерге кастарын тиккендердин көзүн тазалайбыз", - деди.

Пакистандын өкмөтү Хамид Мирди өлтүрүүгө ким жоопкер экендиги тууралуу маалымат үчүн 500 миң доллар убада кылды. Журналистке талиптер кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн өспүрүм активистке кол салууну чагылдыргандыгы үчүн тиш кайрап калышкан. Талиптер Малала Юсуфзайды октябрда атып, башынан ок жеген кыз азыр Британияда дарыланып жатат. jch

XS
SM
MD
LG