Тажикстандык байланыш кызматынын жетекчиси Бег Зухуров Фейсбук социалдык сайты коомчулуктун өкүлдөрүнөн түшкөн кайрылууларга жана сайттагы ушак-айыңга арызданган телефон чалууларга байланыштуу чектелгенин айтты. Анын айтымында, сайттын жабылышын каалагандардын арасында академик, докторлор жана элге кадыры сиңген башка адамдар бар.
Байланыш кызматынын жетекчиси Бег Зухуров Фейсбуктун жабылышын дүйшөмбүдө “техникалык себептерге” байланыштырган болчу.
Тажикстандагы интернет-провайдерлер ассоциациясынын башчысы Асомуддин Атоев Фейсбукту жабуу боюнча оозеки буйрутма алганын, интернетти чектөө - өлкөнүн аброюна шек келтирет деп билдирүүдө.
Фейсбук сайты Тажикстанда жыл ичинде бир нече ирет жабылып, чектөө кайра алынган учурлар болгон. (ZKo)