Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

Чүй: майып жаштар эмерек жасаганды үйрөнөт


Чүй облусундагы майып жаштар коому бүгүн Сокулукта “Аракет” окуу борборун ачты. Анда алгач эмерек жасаганды үйрөтүшөт, андан кийин кол өнөрчүлүк иштери кеңейтилмекчи.

Борбор Сокулуктагы Маданият үйүнүн жертөлөсүндө ачылды. Аны райондук акимчилик бекер берди. Борбордун жабдууларын, китеп-кагаздарын Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы алып берди. Чүй облусундагы майып жаштар коомунун 560тан ашык мүчөсү бар.

Кыргызстан бүгүн Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүн белгилеп жатат. Өлкөдө 133 чамалуу майып бар экендиги маалымдалды. (EBM)

XS
SM
MD
LG