Экономика министрлиги Орусия жана Казакстандан буудай сатып алуу үчүн кошумча каражат керектигин билдирүүдө. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, быйыл Кыргызстанда кыштын узакка созулушу жана жаратылыш кырсыктарынын көп болушунан улам дан эгиндери кеминде 240 миң тоннага аз жыйналды. Калкты ун менен камсыз кылуу үчүн Казакстандан 200 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Орусия 100 миң тонна буудайдын 20 пайызын гуманитардык негизде, калганын бир жылдык кредит катары берүүгө макул болгон. Буга чейин Айыл-чарба министрлиги коңшу Казакстандан сатылып алына турган буудай баасы бычылы электигин билдирген. (KKs)