Бүгүн АКШ сенаты Орусия жана Молдова менен “Кансыз согуш” доорунда начарлаган соода байланышын жакшыртуучу, ошол эле учурда Орусиядагы адам укуктарын бузган адамдарга каршы санкция киргизүүчү мыйзам долбооруна добуш берет. Өткөн айда Өкүлдөр палатасы Москва менен соода байланышын турукташтыруучу бул мыйзамды жактырган болчу. Эгер мыйзам кабыл алынса, Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киргендиктен АКШ компанияларына пайда табууга ылайыктуу шарт түзүлөт. Бирок мыйзам адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмүнө тиешеси бар орус бийлик өкүлдөрүнүн эсептерин жабууну жана аларга виза ачпоону талап кылат.
Орусия бул мыйзам күчүнө кирип калса, расмий Москва АКШга карата мындан да катаал чаралар менен жооп бергенге даяр деп билдирген. Адвокат Сергей Магнитский 11 ай убактылуу кармоо абагында жаткандан кийин 2009-жылы көз жумган. Ал орусиялык расмий жетекчилерди коррупция үчүн айыптагандан кийин камалган. (KKs)