Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Айтматовдун жарыяланбаган сүрөттөрү

Ойчул жазуучу Чыңгыз Айтматов 15 жылдан ашуун убакыт Батыш Европада дипломаттык кызмат аткарып жүрдү. Адегенде СССРдин Люксембургдагы элчиси болсо, кийин төбөлсүз Кыргызстандын Франция жана Бенилюкс мамлекеттериндеги элчиси катары чоң дипломаттык вазийпа аркалады. Даркан жазуучунун Брюсселдеги турмушунан айрым маанилүү окуяларды жана табиятка суктанып жүргөн учурларын мына бу биринчи жолу жарыяланып жаткан фотосүрөттөр чагылдырат. Аларды Чыңгыз Айтматов менен Брюсселде элчиликте чогуу эмгектенген художник-дизайнер Ибрагим Бакиров жеке архивинен сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG