Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Жарандык коом өкүлдөрү парламентке кайрылды


Кыргызстандын Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы Жогорку Кеңешке кайрылды.

Бүгүн аталган уюм билдирүү таратып, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Баш мыйзамга каршы келээрин айтты.
Жарандык коом өкүлдөрү ошондой эле парламенттти ачык иштөөгө үндөдү. Конституцияга каршы келген мыйзамдарды кабыл алууну токтотууга чакырды.

"Эч ким тили, улуту, расасы,билими жана башка жагынан дискриминацияга туш болбошу керек", - дешет укук коргоочулар.

12-декабрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик кызмат жетекчилеринин кыргызча сүйлөй, окуй, жаза билүүсү, мекемелерде документтердин түпнускасын мамлекеттик тилде даярдоо, зарылчылыгына жараша аларды мамлекеттик жана расмий тилдерде которуп жарыялоо талаптары коюлган мыйзам долбоору сунушталган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG