Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Акыйкатчы: Кыйноолор бар, бирок азая баштады


Кыргызстандагы жабык жайларда кыйноолор дагы эле бар, бирок мурдагыга караганда азайып калды.

Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

"Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы бир эмес эки жолу келип кетти. Күнү-түнү кирип мониторинг жүргүзүп жатабыз. Ошондуктан бир аз жалтактап, кыйноолорду азайтып калышты. Бирок дагы иштеш керек", - деди акыйкатчы.

Турсунбек Акундун айтымында, келерки жумада Кыргызстандагы абактарда кыйноого каршы биргелешип иштөө меморандумуна 14 мекеме, акыйкатчы жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму кол коёт. (RK)

XS
SM
MD
LG