Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Египет: референдумда исламчылар баштапкы жеңишке жеткенин айтууда


Президент Мухаммед Мурси добуш берүү учурунда. Каир, 15-декабрь, 2012-жыл.
Президент Мухаммед Мурси добуш берүү учурунда. Каир, 15-декабрь, 2012-жыл.
Президент Мухаммед Мурсинин исламчыл өнөктөштөрүнүн ырастоосунда, Конституция боюнча референдумдун алгачкы этабында алар бир аз артыкчылык менен жеңип чыгышты. “Мусулман агаиндер” кыймылынын билдиргенине караганда, бүгүнкү эсептер Баш мыйзамдын долбоорун добуш бергендердин 57% колдогонун көргөзүүдө.

Президент Мурси жана анын өнөктөштөрү жаңы Баш мыйзам өлкөнү демократияга жакындатат деп эсептешет. Оппоненттер болсо ал фундаменталдык эркиндиктерди жана азчылыктар укугун коргобосун айтууда.

Референдум Египетте бир нече аптага созулган массалык нааразылык акцияларынан кийин өтүп жатат.

Кечээги добуш берүүгө өлкөнүн он провинциясы, анын ичинде Каир жана Александрия шаарлары камтылды.

Референдумдун расмий жыйынтыгы келерки ишембиде анын экинчи этабы өткөндөн кийин гана чыгарылат. Өлкөдө шайлоого укуктуулардын жалпы саны 51 миллиондун тегерегинде. (UE)

XS
SM
MD
LG