Оппозициядагы консервативдик Либерал-демократиялык партия бүгүнкү парламенттик шайлоодо жеңгенин экзит-поллдун жыйынтыктары көргөзүүдө. Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда, ЛДП парламенттин төмөнкү палатасындагы 480 орундун 310уна чейин алышы мүмкүн.
Азыркы шайлоо Жапониянын коңшу Кытай менен мамилеси Чыгыш Кытай деңизиндеги эл жашабаган аралдар талашынан улам чыңалган учурга туш келди.
Оппозициядагы Либерал-демократиялык партиянын улутчул саясатчы катары таанымал лидери, мурдагы премьер-министр Синдзо Абэ шайлоо өнөктүгү учурунда дипломатияны чыңдап, тышкы саясатта катаал багытты карманууну, экономиканын төмөндөшүн токтотууну убада кылган.
Эми өкмөт башчылыгына кайра келүүчү Синдзо Абэ бүгүн алар Кытай менен талашып жаткан аралдар Жапонияныкы экенин белгиледи.
Ал өкмөт башчылыкта 2006-2007 - жылдары саламаттыгына байланыштуу кызматтан чегингенге чейин иштеген.
Абэнин Либерал-демократиялык партиясы Жапонияны 2009-жылдагы шайлоодо уттурганга чейин ондогон жылдар бою башкарган. Алардын атаандашы - Демократиялык партия бийликте соңку үч жылдан бери турат. (UE)