Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

18-декабрда суук аба ырайы сакталат


20-декабрга чейин Кыргызстанда туруксуз аба ырайы сакталат. Мезгил мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде арбын түшөт. Абанын температурасы дыйканчылык аймактарда түнкүсүн -20…-25 градус, күндүз -12…-17 градуска чейин суук болот. Түштүк аймактарда түнкүсүн -12…-17 градус, күндүз -3…-8 градуска чейин төмөндөйт.

18-декабрда мезгил мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -14…-19, түндүгүндө -19…-24, күндүз -10…-15, түндүгүндө -11…-16,
Талас облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -10…-15,
Баткенде түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…-8 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -2 …-7,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7…-12, Түп районунда -8…-13, күндүз -4…+1,
Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -6…-11,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -9…-14,
Тоолордо түнкүсүн -17…-22, ал эми күндүз -8…-13 болот.

Бишкекте кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -16…-18 градус, күндүзгү жогорку температурасы -12…-14 градус болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG