Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Кыргызстан Өзбекстанга ГЭС курулушу боюнча бир катар документтерди берди


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жыл жыйынтыгына арналган маалымат жыйында билдирип, Кыргызстан алдыда пландалган Камбар-Ата -1 ГЭСинин курулушу сууну топтоо жана аны азыркыдан сарамжалдуу пайдалануу жагынан туура долбоор экендигине Өзбекстанды ынандыруу керектигин белгиледи:

- Биз “Камбар Ата-1” ГЭСинин плотинасы биринчи кезекте Өзбекстандын өзүнө керектигин түшүндүрүүбүз керек. Бул долбоор Ташкентте даярдалган. Долбоор биринчи кезекте Өзбекстан менен Казакстанга керек. Биз бул маселеде Өзбекстанды да ынандыра алабыз деп ойлойм. Мен Өзбекстанга бир катар документтерди бердим.

Алмазбек Атамбаев кошумчалагандай, Казакстан тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун тууралыгына ынанды жана алардын долбоорго кошулуу ниети бар.

Суу тартыштыгын жүйө кылган Өзбекстан ГЭС курулуудан мурда эл аралык экспертизадан өтүүсү керектигин буга чейин бир нече ирет билдирген. Кыргызстан болсо андай экспертизага каршы эместигин айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG