Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Брахими: Сириядагы кырдаал кооптондурат


БУУнун Сирия боюнча чабарманы Лахдар Брахими бул тууралуу бүгүн Дамаскта Сирия президенти Башар Асад менен кездешкен соң айтты:

-Сириядагы кырдаал мурдагыдай эле кооптондурат. Биз - тараптардын баары Сирия эли чыдамсыздык менен күткөн чечимди карай багыт алат деп үмүтөнөбүз.

Ок атышууну токтотуу боюнча буга чейинки аракети ишке ашпай калган Лахдар Брахиминин азыркы сапарына туштан Сирияда аба соккусунан ондогон адам өлгөнү кабарланган.

Өткөн аптада согушкерлер ээлеп алышкан Хама провинциясынын Халфая шаарчасынын тургундарынын “Рейтер” агенттигине айтканына караганда, кечээ адамдар нан алуу үчүн кезекте турган кезде жасалган аба соккудан кеминде 90дой киши мерт болгон.

Ал эми баш кеңсеси Лондондо жайгашкан, Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун маалыматына караганда, абадагы соккудан кеминде 60 адам өлүп, 50дөй киши оор жаракат алган.

Бул чабуул Сирияда жарандык согуштагы эң кандуу окуя катары мүнөздөлүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG