Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

“Супер-инфо” гезитинин редакциясы коомчулукка кайрылды


Анда мурдагы кызматкери Бахиана Сатылганованын 2 жашар баласы жана 4 айлык кош бойлуу экенине карабай, 21-декабрда убактылуу камоо жайына камалганына тынчсыздануусун билдирген. Ошондой эле редакция кабарчынын жана спортчунун камакка алынуусуна шарт түзгөн кылмыш ишинин негизги фигуранты, алып баруучу Назира Айтбекова тууралуу буга чейин гезит жалаң жакшы мүнөздөгү маалыматтарды жазып келгенин, камактагы кабарчы менен алып баруучу достук мамиледе жүрүшкөнүн белгилеген. Алып баруучудан кабарчылар өздөрү жана алардын туугандары бир нече ирет кечирим сураганына карабай, минтип кош бойлуу, балалуу аялды кышкы суукта абакка камоого жетишүү менен Айтбекова кабарчыдан өчүн жетишерлик алдыбы деген суроо коюлат кайрылууда.

Кечээ “Супер инфо” гезитинин мурунку кабарчысы Бахиана Сатылганованы жана спортчу Жанат Муратов 21-декабрда убактылуу камалганы кабарланган. Адвокаттын айтымында, сот кабарчынын баласы бардыгын жана 4 айлык кош бойлуу экенин эске алган эмес.

Аларга алып баруучу Назира Айтбековага ийгиликсиз “Тамаша тор” салгандан кийин Айтбекованын арызы боюнча кылмыш иши козголгон. “Супер-инфо” басылмасы кабарчыларын дароо жумуштан бошоткон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG