Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Үч эм үйлүү болду


Быйыл августта үч эм төрөгөн Мунара Сейитбековага Бишкектен эки бөлмөлүү үй берилди. Бүгүн Мунара кыздары менен жаңы үйүнө жайгашып, алгачкы конокторун кабыл алды. Бишкек мэринин орун басары Айгүл Усубакунова шаар жетекчилигинин атынан жаңы жылдык белек-бечкек тапшырды.

Үч эм кыздардын ар бири салмагы бир жарым килограммдын тегерегинде болуп төрөлгөн. Төрөттөн кийин Мунара Сейитбекова жүрөгү ооруп госпиталга жатып калганда анын улуу кызын жана үч эм Алина, Раяна менен Раминаны таенеси Таласка алып барып багып турган. Кыздарын багып кетишээрин, бирок үй жагынан мамлекет жардам берсе деген өтүнүчүн "Азаттык" аркылуу айткан.

Мунара жолдошу менен ажырашып кеткен, республикалык жугуштуу дарт ооруканасында 17 жыл иштеген.

Бүгүн "Азаттык" Мунара менен телефондон байланышып, ал чүрпөлөрү менен Жал кичи районунан мэрия берген эки бөлмөлүү үйдө жылуу жашап жатканынан кабар алды. (RK/MbA)

XS
SM
MD
LG