Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:48

Башкырстанда “массалык кыргын” салууну кыялданган студент кармалды


Жаңы жыл алдында норвегиялык “Брейвиктин жолун жолдогусу” келген Уфадагы эсептөө техникасы, маалымат жана статистика коллежинин 4-курсунун студенти Кладимир Кильмаев кармалды. Ал интернетке Казан жана Уфа шаарларында "массалык кыргын" салуу боюнча макаласын жарыялап, мындай кадамга өз жашоосунда бет келген көйгөйлөр түртүп жатканын жазган.

Атайын кызматкерлер аны кармагандан кийин жаш жигит жөн эле тамашалап койгонун айткан. Учурда ага каршы кылмыш ишин козгоо зарылбы же жокпу - маселе чечилүүдө.

Норвегиялык терорист Андерс Брейвик өткөн жылдын июль айында Осло жана Утойя аралында 77 кишини атып өлтүргөн.

XS
SM
MD
LG