Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

АКШда табылган мунаса биржадагы өсүштү шарттады


АКШда “фискалдык туңгуюкту” алдын алуучу мыйзам жактырылгандан кийин дүйнөдөгү жана америкадагы баалуу кагаздар рыногунда кескин өсүш байкалды. Dow Jones биржасынын индекси бул жылдагы эң жогорку чекти багындырды. Шаршембиде Азия жана Европадагы фондулук рыноктордун да индекси көтөрүлдү.

Эл аралык валюта кору жаңы мыйзам кабыл алынбаса, АКШнын калыпка түшүп келе жаткан экономикасы туңгуюкка кептелмек деп билдирди. Бирок кордун өкүлдөрү бул мыйзам Американын дефицит жана карыз маселелерин чече албастыгын, бул багытта көп аракеттер жасалышы керектигин белгилешти.

АКШда салыктардын өлчөмү жана мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу боюнча эки жылга жакын созулган талаш-тартыштан кийин республикачылар менен демократтар шейшембиде мунасага келишкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG