Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Өкмөттүн жаңы түзүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү


Бул тууралуу “Азаттыкка” биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев кабарлады. Анын айтымында, өкмөт түзүмүндө бир аз өзгөрүүлөр болот.

Өткөн жылдын этегинде өкмөттүн оптималдаштырылган жаңы түзүмү боюнча долбоор иштелип чыккан. Анда бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелерди кыскартуу каралган. Өкмөттүн өзгөртүлгөн түзүмү Жогорку Кеңештин жаңы жылдык тыныгуудан кийинки биринчи жыйынында каралышы мүмкүн. Айрым маалыматтар боюнча, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында, миграция тармагын тейлеген мекемелерде өзгөрүүлөр болушу ыктымал. (КЕ)

XS
SM
MD
LG