Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:23

Токтогул ГЭСинин бузулган агрегаты оңдолду


Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева “Азаттыкка” билдирди. Анын маалымдашынча, бүгүн түндө ГЭСтин техникалык аварияга учураган төртүнчү агрегаты толугу менен ишке кирди. Мурдагы калыбында 300 мегаватт электр энергиясын өндүрөт.

ГЭСтин бир агрегатынын ишиндеги мүчүлүштүк 27-декабрда түңкү саат 2де аныкталган жана ремонт иштери бүткүчө иши убактылуу токтотулган. Мындан улам Бишкектен башка бардык аймакта электр энергиясына чектөө кирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG