2012-жылы шаар бюджетинин кирешеси 1 млрд. 258 млн. сом деп бекитилген, иш жүзүндө 1 млрд. 509,9 млн. сом болгон, ал эми чыгашасы жыл аягына 1 млрд.475,6 млн. сомду түздү. Жаңы жылга шаардык бюджет былтыркыдан калган 54,2 млн. сом менен кирди деп маалымдайт шаардык басма сөз кызматы.
Ош шаарына экинчи борбор макамы 2000-жылы шаардын 3000 жылдык мааракесине карата ошол кездеги президент Аскар Акаевдин жардыгы менен берилип, Ош облусунун курамынан бөлүнүп чыккан. Учурда шаарды Мелис Мырзакматов жетектейт.(ZKo)