Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

"Түндүкэлектр" этият болууга чакырды


"Түндүкэлектр" ишканасы бүгүн кардарларына кайрылып, этият болууга чакырды. Аталган компаниянын маалымат катчысы Гуля Мураталиеванын "Азаттыкка" айтымында, мурдагы түнү Сокулук районунун Ново-Павловка айылында чыңалуусу 10 киловольттук трансформатордук подстанциянын ичинен эки кишинин сөөгү табылган. Алар электр бөлүштүрүлүүчү жайдын кулпусун сындырып ичине кирип алганы аныкталган.

Үй-жайсыз жүргөндөр түнкүсүн өтө суук болгондо жылынганы же өчүрүү маалында ичиндеги түстүү металлдарды, жабдыкты уурдап, кайра сатуу үчүн кирүүдө. Киргенден кийин эшиктерди ачык таштап коюп, тегеректе ойногон балдардын, башкалардын өмүрүнө коркунуч жаратууда.

Гуля Мураталиеванын айтымында, жыл сайын мындай кырсыктардан беш-алтоо катталат. (RK)

XS
SM
MD
LG