Коомдук телерадиокорпорациянын жабыркаган эки журналистине бул мекеменин Байкоочу кеңеши өз чөнтөгүнөн акчалай жардам бермей болду. Бул тууралуу бүгүн Байкоочу кеңештин секретариатынан кабарлашты.
Ширин Асанакунова жана Бурулай Пусурманкулова 7-январда Бишкектин Малдыбаев көчөсүндө электр үчүн чоң карызын төлөнбөй келаткан абоненттер тууралуу репортаж тартып жүргөндө аларды бир адам ур-токмокко алган, микрофонун талкалап салган.
Бул окуя боюнча кылмыш иш козголуп, учурда шектүү адам камакта, тергөө жүрүп жатат.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү аларга 15 миң сом чогултуп бермей болду.(RK)