Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Пакистан: Мухаммад Тахир-ул-Кадри бийликтер менен макулдашууга келди


Ушул аптада баш калаа Исламабадда өкмөткө каршы демонстрация уюштурган таанымал аалым Пакистан бийликтери менен макулдашууга жетишти.

Бейшембиде Кадри министрлер кабинетинин бир нече мүчөсү менен жолугуп, макулдашуу документи премьер Раджа Первез Ашрафка кол коюуга берилди. Мунун менен Пакистанда массалык нааразылык акциялары токтойбу же жокпу -азырынча беймаалым.

Өткөн айда Канададан Пакистанга кайтып келген таанымал диний аалым Кадри көп жыл чет өлкөдө жашаган. Өз мекенине келгенден кийин миңдеген адамдарды жыйнап, Пакистанда демократиялык өнүгүүлөрдү, шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү бийликтен талап кылган.

XS
SM
MD
LG