Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Баткендеги райондорго өкмөттөн каражат бөлүнөт


Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан райондоруна жакынкы айларда 15-20 миллион сом бөлүнөрүн айтты. Өтүп бараткан аптада Сох анклавынын тегерегиндеги айылдарга барып келген вице-премьер-министр мындай маалыматты журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

Ал белгилегендей, 15-20 миллион сом айылдардын жолун салууга жана оңдоого, таза суу чыгарууга, электр зымдарын тартууга жана эң негизгиси чек аранын такталган бөлүгүн тосууга жумшалат.

Жоомарт Оторбаев журналисттерге кыргыз-өзбек чек арасындагы абал тынч, элдин агрессиясы жок экенин билдирди.

5-6-январда Баткен облусунун Өзбекстан менен чектешкен Чарбак айылында чыр чыккан. Анда өзбек тарап бир нече кыргызстандыктарды барымтага алып, мал-мүлкүнө зыян келтирген. Кийинчирээк адамдарды бошотуп, учурда материалдык чыгымдар төлөнүп берилүүдө. (AKu)

XS
SM
MD
LG