Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Бишкекте кароосуз калган 46 бала кармалды


Бишкекте көчөдө калган балдар боюнча атайын рейд уюштурулуп, 46 бала кармалды. Баары тең милициянын өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылды. Жумушка тартылган балдарды иштеткен адамдарга эскертүү берилди. Себеби кыргыз мыйзамдары боюнча баланы жалдап иштетүүгө тыюу салынган. Ал үчүн жоопко тартылышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, милиция жана дарыгерлер менен социалдык кызматкерлерден турган атайын топ рейд учурунда Бишкектин базарлары менен коомдук жайларын кыдырып чыкты. 46 бала көчөдө кароосуз жүргөнүн аныктады. Алардын бешөө Бишкектен экени, ал эми калган 41и республиканын башка аймактарынан келгени белгилүү болду. (RK)

XS
SM
MD
LG