Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Freedom House: Аскаровдун ишин кайра кароо керек


Камактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши сотто кайра каралышы керек. Бул тууралуу Freedom House эл аралык укук коргоо уюмунун бүгүн жарыяланган отчетунда айтылат.

Отчетто Кыргызстандагы адам укугунун корголушу боюнча анализ жүргүзүлгөн. Анда өлкөдө соттор дагы эле көз каранды, кылмыш жообуна тартуу калыс эмес жана коррупция жайылган бойдон экени айтылат.

Кыйноолорду токтотуу, мындай иш жасаган күч органдарынын кызматкерлерин жазалоо, дин боюнча мыйзамды Конституцияга ылайыктоо, Интернетти чектебөө жана kg зонасында тыюу салынган Фергана.ру сайтына кайра уруксат берүү сыяктуу бир катар кеңештер берилди.

Азимжан Аскаров одоно мыйзам бузуулар менен соттолгону айтылат.

Жалал-Абад облусундагы өзбек тектүү укук коргоочу Аскаров 2010-жылдын июн окуясында милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан, баш аламандык уюштуруп мамлекеттик бийликке баш ийбөөгө үндөгөн деген айыптар менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG