Иранда барымтага алынган америкалыктар тууралуу голивуддук «Арго» триллери Экран актерлорунун гилдиясынын башкы сыйлыгына татыды. Бен Аффлек тартып, өзү башкы ролду ойногон филмге кечээки салтанатта Актерлордун эң мыкты тобу деген сыйлык берилди. «Арго» буга чейин «Алтын глобусту» алган эле, ошону менен ал келерки айда өтө турган Оскар кароосунун тизмесиндегилердин алдыңкы катарына чыкты. Филмдин мазмуну 1979-жылдагы Ирандагы исламдык төңкөрүштөн кийин Тегерандагы канадалык элчиликке жашынган америкалык дипломаттарды куткаруу операциясына негизделген.