Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Асад: Израиль Сириядагы абалды дестабилдештирүүнү көздөөдө


Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары Асад жогорудагы билдирүүнү Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Саед Жалили менен жолугушууда жасаганын кабарлашууда. Президент ошондой эле Сирия сырткы аггрессияга жооп берүүгө даяр деп эскертти.

Сирия өкмөтү шаршемби күнкү сокку Дамасктин жанындагы аскердик изилдөө базасын бутага алганын ырастоодо. АКШнын расмий адамдары билдиргендей, чабуул Сирия-Ливан чек арасына жакын жерде жайгашкан согушкерлердин Хизбалла тобуна курал ташып бараткан кербенге коюлган.

Израиль соккуну комментарийлеген жок. Бирок коргоо министри Эхуд Барак Мюнхендеги коопсуздук конференциясында журналисттерге гезиттерде жазылгандан башка эч нерсе кошумчалай албасын айтты.

XS
SM
MD
LG