Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Камерон Ооганстан терроризмдин мекени болбошу керектигин айтты


Британ премьери Девид Камерон (ортодо) ооган жана Пакистан президенттери Хамид Карзай (солдо) жана Асиф Али Зардари менен (оңдо) өзүнүн шаар четиндеги резиденциясында баратат, 4-февраль, 2013
Британ премьери Девид Камерон (ортодо) ооган жана Пакистан президенттери Хамид Карзай (солдо) жана Асиф Али Зардари менен (оңдо) өзүнүн шаар четиндеги резиденциясында баратат, 4-февраль, 2013
Лондондо бүгүнкү жолугушууда Ооган жана Пакистан лидерлери регионалдык стабилдүүлүктү камсыз кылыш үчүн биргеликте кызматташууга убада беришти. Ооган президенти Хамид Карзай менен Пакистандын мамлекет башчысы Асиф Али Зардаринин жолугушуусун Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон уюштурган. Сүйлөшүүнүн соңунда журналисттерге сүйлөп жатып, британ премьери Камерон үч лидер Ооганстандын келечеги тууралуу бирдей ойдо экендиктерин, “алдыда коопсуз, стабилдүү жана демократиялык нукта өнүгө турган бул мамлекет эч качан кайрадан эл аралык терроризмдин мекенине айланбашы керектигин” айтты.

Камерон мындан сырткары, лидерлер тынчтыкка жетишүү боюнча Ооганстан сунуш кылган келишимди жактырышканын, күзгө чейин Ооганстан менен Пакистан ортосундагы стратегиялык кызматташтык жөнүндөгү келишимди бирге иштеп чыгышаарын да кошумчалады.

Келерки жылы чет өлкөлүк аскерлер ооган жеринен чыгарылат. Ооганстанда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуунун жолдорун талкуулаган ушул үч тараптын жолугушуусу буга чейин эки ирет болгон.

XS
SM
MD
LG