Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:36

Тунисте оппозиция лидерин атып кетишти


Тунисте оппозиция партиясынын лидерин атып кетишти. Улутчулдардын Бирдиктүү демократиялык партиясы билдиргендей, Чокри Белаид бүгүн баш калаадагы үйүнөн чыгып бараткан жеринен ок жеген. Жубайы ага 2 ок тийгенин айтып берди.

Күбөлөрдүн айтымында, ал ооруканага жеткирилгенден кийин жан берди. Белаид өкмөттө үстөмдүк кылган байистүү исламчылардын "Эннахда" партиясынын оппоненти болчу. Ишембиде ал "Эннахданы" анын партиясынын жыйынын үзгүлтүккө учуратуу аракети үчүн күнөөлөгөн. Өкмөттүн маалымат өкүлү Самир Дилу Белаиддин киши колдуу болушун “карасанатай кылмыш” деп атады. Саясатчыны эмне себептен өлтүрүшкөнү азырынча түшүнкүсүз. 2 жыл мурун Тунисте элдик толкундоолор башталып, президент Зине Эл Абидин Бен Али кулатылган. Бирок өлкөдө социалдык жана диний тирешүүлөр уланууда.

XS
SM
MD
LG