Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Ван кыргыздарына мугалим жиберүүгө акча табылбай жатат


Түркиянын Ван өрөөнүндө отурукташкан кыргыздарга мугалим жиберүү маселесинин каржылык жагы чечиле элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысы Сагынбек Кочкорбаев билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү мекемелер менен кеңешкенден кийин ал жакка бир үй-бүлөдөн жубай мугалимдерди жиберүү чечими кабыл алынган. Бири тилчи, бири музыка мугалими болот. Аларды бир окуу жылына жиберүү каралууда. Документтерин даярдап, жолун төлөп, жашоо-шартын түзүп берүүгө 30 миң доллар керек деп эсептелинди.

Мындай каражатты, балким, эл аралык уюмдар аркылуу табуу жагы да караштырылып жатат.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу Ван кыргыздары мугалим сураган өтүнүчү аткарылбай жатканына таарыныч билдиргенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG