Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

"Супер-инфодогу" тамаша боюнча кылмыш иш сотко өттү


Коомдук телеканалдын алып баруучусу Назира Айтбекованын уурдалышы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлгөнүн Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, «Супер-инфо» гезитинин кабарчылары Бахияна Сатылганова, Максат Орузунбетов жана спортчу Жанат Муратовго Айтбекованы тамашага чалабыз деп жатып, адам уурдоо, бейбаштык сыяктуу кылмыштарга жол бергени үчүн иш козголгон. Андан соң Сатылганова менен Муратов Бишкектеги №1 тергөө абагына отургузулган. Бирок Бахияна Сатылганова кош бойлуу болгондуктан жанаден соолугу начарлагандыктан, баш коргоо чарасын өзгөртүү менен ооруканага которулган. (BkA)

XS
SM
MD
LG