Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

“Центерра Голддун” президенти Бишкекте сүйлөшүүлөрдү баштайт


Кечээ Бишкекке келген “Центерра Голд” компаниясынын президенти Ян Аткинсон бүгүнтөн баштап кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү баштаары күтүлүүдө. Аткинсон Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусу тууралуу компаниянын расмий жообун билдириши керек.

Буга чейин кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” менен Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн атайын жумушчу топ түзгөн. Бул топту биринчи вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев жетектейт.

Өткөн жылдын аягында Кумтөрдөгү абалды иликтеген мамлекеттик комиссия аталган алтын кенин иштетүү боюнча 2009-жылы “Центерра Голд” менен түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деп, өкмөткө жаңы келишим түзүү боюнча сүйлөшүү баштоо сунушун жолдогон. Эгер бул шарттарга азыркы инвестор көнбөсө, анда келишимди толук бузуу сунушталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG