Косовонун албан жетекчилиги төбөлсүздүк күнүнө арнап, бир катар салтанаттарды өткөрүүдө. Бүгүн ордо шаар Пристинада Косовонун НАТО машыктырган коопсуздук күчтөрүнүн парады болот. Белград Косовонун эгемендигин тааныгандан баш тарткан, а Приштина болсо Косовонун түндүгүндө жашаган сербдерге автономия берүүдөн баш тарткан. 1, 8 млн. калктуу Косово азыр Европанын эң кедей өлкөсү. Элинин үчтөн бири күнүнө тапканы 1 долларга жетпейт. Коррупция жана уюшкан кылмыштуулук кеңири жайылган. Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, жан башына өндүрүлгөн дүң жыйым 2 600 евро же 3500 долларга тете. Евробиримдиктин маалыматына караганда, Косоводо жумушсуздук 40 процентти түзөт.