Швецияда өткөн эркин күрөш боюнча кыз-келиндер арасында эл аралык турнирде Лондон олимпиадасынын катышуучусу Айсулуу Тыныбекова коло байгелүү болду. Ал 59 кг. салмакта жарым финалда фин Петре Оллиге аз упай менен алдырып коюп, үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Тыныбекованын устаты, эмгек сиңирген машыктыруучу Нурбек Изабеков “Азаттыкка” маалымдады. Жеңил салмакта Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Михрнисо Нурматова финалда орусиялык Валерия Чепсараковага утулуп, күмүш байгелүү болду. Командалык эсепте 4 алтын медаль менен Орусия биринчи болду. Мында 20 өлкөнүн балбан кыз-келиндери күч сынашты. (КЕ/КМа)