Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

АКШда бакма орус баланын өлүмү тергелип жатат


АКШда бийликтер Орусиядан америкалык үй-бүлө багып алган үч жаштагы баланын өлүмүн тергей баштады. 18-февралда орус бийлиги Макс Шатто деп аты өзгөртүлгөн Максим Кузминди багып алган энеси 21-январда өлтүргөнүн айтып чыккан. Америкалык тергөөчүлөргө шилтеме берип, Орусиянын адам укуктары боюнча акыйкатчысы Павел Астацов баланы аял сабап, психотропикалык дары ичиргенин билдирди.

Орусиянын Тергөө комитетинин маалымат катчысы Владимир Маркин бүгүн Москвада кабарчылардын суроолоруна жооп берди.

Орусиянын Тергөө комитети АКШдагы бул кылмышты иликтөөгө биздин тергөөчүлөрдү да катыштырууну талап кылат. Орус баланы өлтүргөндөрдүн эң катаал жаза алышын кепилдөө үчүн биздин комитет бардык күчүн жумшайт деп ишендирем.

Декабрда Орусияда балдарды америкалыктарга багууга берүүгө каршы кабыл алынган мыйзам көп талаштарды жараткан.

XS
SM
MD
LG