Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Ош областтык милициясына видеобайкоосу бар машинелер берилди


Өндүрүштөн 2012-жылы чыгарылган “Ниссан” үлгүсүндөгү 5 машине Ош облустук, Ноокат, Өзгөн жана Кара-Суу райондук Ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул күзөт кызматына берилди. Ар бир машинада жайгашкан атайын видео байкоо аппараты 70 сааттан ашуун убакыт тартууга мүмкүнчүлүгү бар. Мындан сырткары КаМАЗ үлгүсүндөгү эки машина ыкчам тез аракеттеги атайын топтун кызматкерлерине, ВАЗ-2007 үлгүсүндөгү алты унаа Жол кайгуул күзөт кызматына берилди. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Машине тапшыруу иш-чарасына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, милиция бөлүмдөрүнүн башчылары, Ардагерлер кеңешинин төрагасы катышты. (ErN)

XS
SM
MD
LG