Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Египетте туристтерди ташыган аба шары кырсыкка учурады


Египеттин Люксор шаарында туристтерди ташыган аба шары жарылып, жерге кулап түштү. 19 кишинин каза болгону кабарланууда. Пилот жана 1 турист аман калды, бирок алардын абалы өтө оор. Шарды учурган компаниянын өкүлү ырастагандай, жабдык 300 метр бийиктикте учуп бараткан кезде газ жарылган. Саякатчылар Жапония, Франция жана Британиядан келген туристтер болчу деп маалымдалды. Адатта туристтер Тутанхамондун күмбөзү өңдүү Фараондор өрөөнүндө орун алган Люксордун айланасын аба шары менен кыдырганды жакшы көрүшөт.

XS
SM
MD
LG