Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:33

Пакистанда эмдөө жүргүзгөн адамдарга кол салуу болду


Пакистандын Хибер-Пахтунква чөлкөмүндө балдардын шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөн топту кайтарган полициячы окко учту. Тартип коргоочулар "Азаттыкка" маалымдашкандай, окуя Мардан районунда болгон. Эмдөө өнөктүгүн жетектеген Абдул Вахаб доктурлар өз ишин уланта беришээрин билдирди. Январда бийлик БУУнун көмөгү менен жүргүзүлгөн кампанияны убактылуу токтотуп койгон. Анын алдында эмдөөгө тартылган бир нече кишини атып кетишкен. Соңку кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек. Бирок Талибан эмдөө өнөктүгүнө жамынган тыңчылар "мусулмандарды тукумсуздандыруу кутумун ишке ашырып жатышат" деп айтып келген.

XS
SM
MD
LG