Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Кыргызстан Беларуска Бакиевдерди өткөрүп берүү талабын койду


Кыргызстандын Баш прокуратурасы Беларустун Баш прокуратурасына кайрылып Курманбек жана Жаныш Бакиевдерди аларга карата сот өкүмүн ишке ашыруу үчүн кыргыз тарапка өткөрүп берүү талабын койду.

Бакиевдер 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин Кыргызстандан качып кетүүгө мажбур болгон. Азыр алар Беларуста жашайт деген маалымат бар.

11-февралда Бишкек гарнизонунун Аскер соту үч кишинин, анын ичинде президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө күнөөлү жана тиешеси бар деп мурдагы президент Курманбек Бакиевди 24 жылга, иниси Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен болчу. Сот өкүмү сыртынан чыгарылган. Cебеби Бакиевдерди кыргыз тарапка өткөрүп берүү өтүнүчү аткарылбай келет. (RK)

XS
SM
MD
LG