Испан бийликтери Францияда чечен исламчы согушкерлер деп шектелген үч киши камакка алынгандыгын бышыктады. Испаниянын Ички иштер министрлиги жума күнү билдиргендей, Франциянын коопсуздук кызматтары үчөөнү биргелешкен испан-француз операциясында шейшембиде кармаган. Министрликтин маалыматы боюнча, Элси Исаков менен Мурад Идрисов Париждин четинде, үчүнчүсү Парижден 100 чакырым аралыктагы Ноян шаарчасында кармалган. Алар август айында Испанияда ашкереленген "ал-Каиданын" бөлүмү менен байланышта болуп, Европада бир катар чабуулдарды пландаган деп шектелүүдө.