Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Аба ырайы: Кар көчкү коркунучу сакталат


5-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырым), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150 чакырым), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100 чакырым) тоолуу автожолдорунда кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так сактоо сунушталат.

4-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым аймактарда жаан жаайт. Тоолордо жана тоо этектеринде кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл кылаасында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12,
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12,
Баткенде түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9 …+14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2,

Бишкекте жаан жаайт. Абанын түнкү температурасы +3…+5 градус, күндүзгү температурасы +9…+11 градус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

XS
SM
MD
LG