Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Азимжан Аскаровдун жубайы АКШ Мамкатчысына кайрылды


Июнь коогасы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова Евробиримдикке жана АКШнын Мамлекеттик катчысына кайрылуу жолдоду. Укук коргоочунун жубайы Кыргызстан бийликтеринин июнь коогасы боюнча кылмыш иштери мыйзам чегинде калыс каралып жатат деген сөзү чындыкка коошпойт деп белгилеп, Эл аралык уюмдар мындай бийлик менен мамиле же келишимдерди түзүүдө, андан дүйнөлүк коомчулуктун алдында алган милдеттерин так аткаруусун талап кылуусу тийиш деген пикирин билдирген. Кайрылуу ээси июнь коогасы боюнча айыпталган Азимжан Аскаров бир нече жылдардан бери укук коргоочу катары жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн ичиндеги коррупцияны, адам укуктарын бузууларды ачыкка чыгарып келгенин айтып, милиция кызматкерлери андан кутулуу үчүн ага каршы бул ишти жасашкан деп эсептейт. Укук коргоочунун жубайы Хадича Аскарова “Эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин июнь коогасы боюнча козголгон кылмыш иштеринин бардыгын кайрадан карап чыгууга мажбурлоого тийиш” деп белгилейт.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь коогасында Бишкек-Ош жолунун боюнда уюшулган топтун башында туруп, милиция кызматкерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деген айыптар менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Укук коргоочу өзүнө коюлган айыптарды мойнуна алган эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG