Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Улуттук госпиталда дарыланууга уруксат алуу талабы катуулайт


Кыргызстандын Улуттук госпиталына жатып дарыланууга уруксат алуу боюнча талап катуулайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мурда бейтаптар жашаган жери боюнча дарыгерден жолдомосуз келип, айрым учурда жатып дарылануу зарылчылыгы болбосо деле госпитализацияланган. Буга мамлекеттен каржыланчу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун акчасы кетчү. Эми госпиталга жаткыраар алдында бейтаптын бардык медициналык документтери тыкыр текшерилмей болууда. Эрежени бузган дарыгер же башка кызматкерге айыппул салынат.

Былтыр, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Мирбек Нуралиевдин маалыматы боюнча, дартты аныктап кеңеш берүү бөлүмүнө 96 миң киши кайрылган. Анын 36 миңи жаткырылган, 18 миң кишиге операция жасалган. (RK)

XS
SM
MD
LG