Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Жон Керри: Иран ядролук сүйлөшүүнү созбош керек


АКШ Мамкатчысы Жон Керри эр-Риядда Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри ханзаада Сауд ал-Файсал менен кездешти. Жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында: “Учурдун көңүл чордонундагы биринчи кезекте көңүл бурчу маселе Ирандын ядролук программасы. Ал бүтүндөй регионго жана дүйнөгө коркунуч туудурары чындык. Бул массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтпоо маселеси. Ошондуктан көңүл ушу маселеде. Иран менен сүйлөшүү жөн эле сүйлөштүк деп өткөрүлбөс керек. Сүйлөшүү кийинки калтыруунун куралы боло берсе, акыр аягында кырдаал дагы коркунучтуу болот. Убакыт да ченелүү,” - деди Керри. Ал эр-Риядда Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар жана Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер министрлери менен кездешет. Сүйлөшүүлөрдөгү негизги тема - Сириядагы кризис. Бул Керринин Мамкатчылык кызматка отургандан берки Араб дүйнөсүнө жасаган алгачкы сапары.

XS
SM
MD
LG