Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

АКШнын коргоо министри күтүүсүз сапар менен Ооганстанга барды


Пентагондун башчысы катары Ооганстанга алгач ирет барган Чак Хагелдин айтымында, НАТО коопсуздук үчүн жоопкерчиликти оогандардын өзүнө өткөрүп берер алдында али толгон-токой көйгөйлөр бар.

Хагел кабарчыларга билдиргендей, ал ооган президенти Хамид Карзай менен анын АКШнын атайын күчтөрүн Вардак провинциясынан чыгаруу боюнча жакындагы чечимин талкуулайт. Бирок Пентагон башчысы Карзайга эмнени айтарын ачыктаган жок.

Ооган президенти АКШнын атайын күчтөрүнө Вардак провинциясынан эки аптада кетүүнү буйруган. Буга алар менен иштеген оогандар укук бузууларга жана кыйноолорго аралашкан деген ырастоолор жүйө болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG