Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Леонель Месси рекорд койду


Испаниянын "Барселона" клубунун оюнчусу, аргентиналык футболчу Леонель Месси Испаниянын чемпионатында 17 оюнда тең атаандаштарынын дарбазасына топ киргизип, жаңы көрсөткүч жаратты. Бул улуттук чемпионаттардын тарыхында эң узак голдордун сериясы болуп калды. «Алтын топтун» төрт жолку ээси Месси польшалык «Рух» командасынын оюнчусу Теодор Петеректин көрсөткүчүн жаңыртты. Өткөн кылымдын 30-жылдарында Петерек 16 оюнда катары менен атаандашынын дарбазасына топ киргизип, тарыхта калган эле. Месси болсо 17 оюнда атаандаштарына 27 топ киргизди.

XS
SM
MD
LG