Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте “Жаш кербез” аттуу кароо сынак башталды. Ага аталган мектептин окуучулары катышууда. Жаш музыканттарды колдоо иретинде быйыл экинчи ирет өтүп жаткан сынак 16-мартка чейин созулат. Бүгүн жаш таланттар калыстарга элдик аспаптар жана классикалык музыка боюнча өнөрлөрүн көрсөтүүдө. (КЕ)