Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:35

Баткен облусунда жер силкинди


Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн саат сегиз жарымдар чамасында Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын очогу Айдаркен шаарынан түштүк-батышты көздөй 20 чакырым, Баткен шаарынан түштүк чыгышка карай 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Силкинүүнүн күчү Сай, Сырт, Коргон-Таш айылдары менен Айдаркен шаарында 3 баллды түздү. (KKs)
XS
SM
MD
LG